Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 1991-жылдан бери канча жеңилдетилген насыя алганы айтылды

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 774 | 1

Кыргызстан 1991-жылдан бери 2,8 млрд. доллар гранттык каражат жана 7,3 млрд. доллар жеңилдетилген насыя алган. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Мукамбетов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Өлкөнүн энергетика тармагына 2 млрд. 147 млн. доллар алынган. Негизги көйгөй тариф маселесине барып такалууда. Азыр аны тактоо боюнча ар кандай сунуштар түшүп жатат. Биз оптималдуу вариантын тандап алышыбыз керек”, — деди министр.

Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстандын 124 млрд. сом насыя алганын, анын ичинде энергетика тармагына эле 104 млрд. сом жумшалганын эске салып, азыркыга чейин бул маселе боюнча так көз караш жок экенин белгиледи.

Жарандарыбыз электр энергиясы үчүн 2,16 жана 77 тыйындан төлөп келет. Киреше алуу үчүн, бирдиктүү тарифке өтүшүбүз керек.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    28.10.2019 20:48

    Электр тармагынын киреше чыгаша болугун, иштегендердин маяна сын эл билиши керек. Баш айлантма эсеп чыгарып, айдын ар турдуу куну келип жазып кетип, бир айга болуп коп чыгып оздорунун пайдасына эсептеп журушот. Жонокой адамды коркутуп уч кун толобой калса контролёр электрик менен зымды узом деп коркутуп келет.
    Чындыгын келгенде, жер болгондо туштуктун эли жабыркаса, электр тогун болгондо жалпы Бишкектен алыс жашагандар да жабыркап жатат, себеби ГЭСтер менен ТЭЦтен чыккан энергияны жалпы элге болуп салып жатышат. ГЕСтен чыккан электр энергиянын оздук наркы 1квт 7 тыйын деп айтып журушот. ТЭЦтен чыккан энергияны, жылуулукту Бишкекте жашаган кыргыздын кыйын элиталары оздору толосун, толой албаса айылга келип жашасын. Жалпы айылдын, кичи шаардын эли ГЭСтерден пайдалангандар кийин арзан болушу керек, Токтогул району, ГЭС курулуп жабыркаган эл электр энергияны бекер пайдаланышы керек. Бек мамат Осмонов турган кезде 1 де 3 тыйынга тушургон. Акаев коп этаждуу Жаны курулган уйлорду электр ге откоргон, бизде ток арзан деп. Баарын былыткандар ГЭСтеги сууну саткан иттер.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM