Марал Радиосу

Кыргызстан 1991-жылдан бери канча жеңилдетилген насыя алганы айтылды

Кыргызстан 1991-жылдан бери 2,8 млрд. доллар гранттык каражат жана 7,3 млрд. доллар жеңилдетилген насыя алган. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Мукамбетов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Өлкөнүн энергетика тармагына 2 млрд. 147 млн. доллар алынган. Негизги көйгөй тариф маселесине барып такалууда. Азыр аны тактоо боюнча ар кандай сунуштар түшүп жатат. Биз оптималдуу вариантын тандап алышыбыз керек”, — деди министр.

Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстандын 124 млрд. сом насыя алганын, анын ичинде энергетика тармагына эле 104 млрд. сом жумшалганын эске салып, азыркыга чейин бул маселе боюнча так көз караш жок экенин белгиледи.

Жарандарыбыз электр энергиясы үчүн 2,16 жана 77 тыйындан төлөп келет. Киреше алуу үчүн, бирдиктүү тарифке өтүшүбүз керек.