Биз менен байланышыңыз

Токтошев: аңчылыктан мамлекетке 1 сом да пайда түшпөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2019 | 1761 | 1

Чет элдик мергенчилер үчүн аңчылыкка уруксат берүүдөн түшкөн каражаттын 25% жергиликтүү кеңештерге, 40% мергенчилик фирмаларга, 35%  курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине бөлүштүрүлөт. Мамлекетке 1 сом да пайда түшпөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү сейрек кездешкен аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруна каршы тараптар көп экенин айтты.

-Чет элдик мергенчилерге аңчылыкка уруксат берүүдөн 1 жылда 60 млн. сомдой акча топтолгон. Ал акча лицензия сатуудан түшкөн. Бул жерде коррупциялык схема бар, чоң бизнес турат. Ошондуктан курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги төшүн кагып, мыйзам долбооруна каршы чыгууда. Демек, алар кызыкдар», — дейт Токтошев.

Ал жакынкы аралыкта аңчылыктан түшкөн каражат кандай сарпталганы боюнча элге ачык маалымат берилерин кошумчалады.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш сейрек кездешкен аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун четке каккан.

1 пикир

1 пикир

  1. Таалайбек

    28.10.2019 14:25

    Кайберенди,улар,кыргоол,кекилик,чил,элик,бугу,жана илбирс,аю
    атканга тыю салыш керек.Тоонун көркү кайберен,жана жапайы жаныбарлар.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM