Марал Радиосу

Сапар Исаков сотко күч менен алынып келинди

Бүгүн, 28-октябрда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди. Бул мыйзамды бузуу менен жасалган иш-аракет. Себеби мыйзамга ылайык, соттун мажбурлоо түрүндө адамды сотко алып келүү токтому сот кызматкерлери тарабынан аткарылат. Ал эми Сапар Исаковду УКМКнын кызматкерлери күч менен алып келиши мыйзамга туура келбейт. Бүгүнкү күндө Сапар Исаков эле эмес, бул иште айыпталып жаткандар сот отурумуна катышуудан баш тартып жатышат. Анткени бул иште эң башкы эки күбө суралбай жатат. Алар сотко келүү боюнча үч жолу кат алышса да, келбей жатышат. Исаков алардын тыянагын укмайынча, сотко катышпайм деп жатат. Бул анын конституциялык укугу.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүп жатат. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Буга чейинки отурумга айыпталуучу Сапар Исаков келген эмес. Ал эксперттер Хафизов менен Асанов суралгандан кийин гана көрсөтмө бере тургандыгын айткан. Себеби аты аталган эксперттер суралмайынча, Исаков көрсөтмө берүүдөн жана отурумга катышуудан баш тарткан.