Марал Радиосу

Кыргызстандык Кямран Аббасов ONE Championship мушкерлер мелдешинин чемпиону болду

Кыргызстандык Кямран Аббасов ONE Championship мушкерлер мелдешинин чемпиону болду. Мелдештин жарым-орто салмагынын чемпиондук наамы үчүн беттеште, ал швециялык Себастьян Кадестам’ды жеңип алды.

Калыстар тобу да бир добуштан Аббасовду жеңүүчү деп тааныды. Мелдеш 25-октябрда Индонезиянын Жакарта шаарында өттү.

Кямран Аббасов ONE Championship мушкерлер мелдешинде Кыргызстандан чыккан алгачкы чемпион болуп калды.