Биз менен байланышыңыз

Автоматташтырылган система жөнүндө убактылуу жобо бекитилди

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 496 | 0

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасы жөнүндө убактылуу жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бул чечимди кабыл алуунун максаты – заманбап маалымат технологияларын жана адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасынын ишмердүүлүгүн регламенттөө аркылуу мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү.

Белгилей кетсек, учурда автоматташтырылган системага 56 мамлекеттик органдын борбордук аппараты жана Бишкек менен Талас шаардык мэрияларынын аппараты кошулду. Ушул жылдын аягына чейин республика боюнча мекемелерге караштуу бөлүмдөрдү жана аймактык бөлүмдөрдү кошуу пландалууда. 2020-жылдын аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ар бир айыл өкмөткө чейин автоматташтырылган системага туташтыруу пландалды.

Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы саны 2000ге жакын.

Copyright © 2017 Maral FM