Марал Радиосу

Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү- 2020» рейтингинде 10 баскычка төмөндөдү

Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү- 2020» (Doing Business 2020) бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын рейтингде 10 орунга төмөндөп, 80-орунду ээледи. Өткөн жылы Кыргызстан 70-орунга ээ болгон болчу. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү билдирди.

«Төмөндөөнүн себеби методологиянын өзгөрүшү жана маалыматтарды кайра карап чыгуу болду«, — деп билдирген Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар.

«Doing Business» бул — Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын бизнес жүргүзүүнүн жеңилдигин изилдөө боюнча рейтинг болуп саналат.

Бизнес жүргүзүү боюнча дүйнө лидери жана алардын көрсөткүчтөрү:

  1. Жаңы Зеландия (100 баллдык көрсөткүч боюнча — 86,8);
  2. Сингапур (көрсөткүчү — 86,2);
  3. Гонконг (көрсөткүчү — 85,3);
  4. Дания (көрсөткүчү — 85,3)
  5. Корея  (көрсөткүчү — 84);
  6. АКШ ( көрсөткүчү — 84);
  7. Грузия (көрсөткүчү — 83,7);
  8. Улуу Британия (көрсөткүчү — 83,5);
  9. Канада (көрсөткүчү — 82,6);
  10. Швеция (көрсөткүчү- 82).

Рейтинг боюнча кээ бир өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү: