Марал Радиосу

Лейлек: Чек арачылар каналдан артиллериялык снаряддарды табышты

Лейлек районунун чек арачылары артиллериялык снаряддарды табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалымат боюнча, Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылындагы каналды кароо убагында чек арачы тарабынан 82 мм. калибрдеги 3 артиллериялык снаряд табылган.

Табылган курал боюнча дароо «Жаны-Жер» чек ара тозотуна кабар билдирилген. Коопсуздукту камсыздоо максатында чек ара кызматкерлери тийиштүү структуралар менен биргеликте аталган айлананы курчоого алышып, тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин, снаряддар жардыруу жолу менен жок кылынган.

Exit mobile version