Биз менен байланышыңыз

Акаев: Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчилигин кароо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 669 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчилигин кароо зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, нормалдуу мамлекеттерде чоң кылмыш, жагымсыз окуялар болгондо министрлер жумушунан кетишет. Бирок Кыргызстанда андай эмес. Кылмыш дүйнөсүнө жакшы шарт түзүүнүн ордуна, аларга каршы күрөш жарыялоо зарыл.

«Ички иштер министрилиги «керек болсо, өлтүргөн адамдарды таппадыкпы» деген жообун берүүдө. ИИМ кылмыштардын алдын алышы керек. Азыр өкмөт да, ИИМ да кылмыш дүйнөсүнө катуу жооп бербей, ал маселени көтөргөн депутатка каяша айтып отурушат. Мындайда «каралар» сүйүнүп, аларга салам айтып жиберет. Көпчүлүк депутаттар жыргаганынан парламентке келбейт. Алар парламентке келбей койсо, бизнесин «каралар» да, «кызылдар» да жүдөтөт», — дейт Акаев.

Эл өкүлү жетекчилерде саясий эрк болушу керектигин, ал үчүн каражат талап кылынбай турганын белгиледи.

Акаев мындан сырткары, ноябрь айында парламентке криминалдарга каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыгарын айтып, ал эл өкүлдөрү тарабынан колдоо табарына ишеним артты.

Copyright © 2017 Maral FM