Марал Радиосу

Жапония: Шайлоочуларга коон тараткан министр кызматтан кетти

Жапониянын экономика, соода жана өнөр-жай министри Иссю Сугавара жумушунан четтетилди. Мындай чечимди өкмөт башчы Синдзо Абэ кабыл алды.

Министрдин штабы шайлоо учурунда шайлоочуларга белек катары коон таратканы үчүн «добуштарды пара менен сатып алды» деп айыпталууда. Жергиликтүү маалымат булактары аталган мекеменин штабы жарандарга коон, гүл жана жыпар жыттуу таякчаларды тараткандыгын жазышкан. Мындан улам ал шайлоочуларга белек берүү менен кыйыр түрдө пара берди деп айыптап чыгышкан.

Премьер-министр Сугаваранын шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу айыпталып кызматтан кеткени үчүн элден кечирим сурады:

«Анын жоопкерчилиги менде, элден кечирим сурайм. Мындай нерсенин болушу өкүндүрүп турат», — деп кошумчалаган.

Синдзо Абэнин билдиришинче, Сугаваранын ордуна экономиканы жандандыруу боюнча мурунку министр келмекчи.