Марал Радиосу

Министрлик метрикасы жок балдарга акысыз метрика берилерин кыдырып түшүндүрүп жатышат

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана документтештирүү боюнча улуттук кампания ишин улантып жатат. Кечээ Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери ыктыярчылары (волонтерлор) менен бирге Ак-Жар конушун үймөй-үй кыдырып чыгышты.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө алар турмуштук татаал шартта турган балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү акысыз негизде жүргүзүлөрүн түшүндүрүштү.

Министрдин орун басары Ализа Солтонбекова дагы 7 конушта үймө-үй кыдыруу иши пландалганын маалымдады.

Министрлик бул акция ушул жылдын аягына чейин уланарын кошумчалайт.