Биз менен байланышыңыз

Акаев: Кыргызстанда криминал баалуу, себеби…

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 612 | 0

Криминалдар олигархтарга, акчалууларга, шайлоого чыгат деген адамдар түзгөн партияларга иштебеген ишкерлерди коркутушат. Ошондуктан Кыргызстанда криминал баалуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Айрым министр, депутаттар криминалдардын туулган күнүнө келинчегин жетелеп, белек көтөрүп барган учурлар да жок эмес. Биздин жетекчилик маселени терең түшүнө элек», — деди Акаев.

Анын пикиринде, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишкерлерди кабыл алып, көйгөйлөрүн криминал менен чечпей, милицияга кайрылуусун өтүнгөнү — алсыздыктын белгиси.

«Бийлик бутактары биригип, коомго көйгөйлөрдү ачык айтып, элди жардамга чакырбаса болбойт. Күч органдары Кой-Таш, Солтон-Сары сыяктуу маселелер менен алек. Эми алар да унутулуп, жакында шайлоого багыт алышат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM