Биз менен байланышыңыз

Руслан Акматбек: «Мамлекет криминал менен күрөшүүдө алсыз болууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 669 | 0

Мамлекет криминал менен күрөшүүдө, адилеттүүлүктү камсыздоодо алсыз. Бул туралуу экономист, көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын каралар менен чырмалышуусу мамлекеттин алсыздыгынан кабар берет. Мамлекеттик органдар жеке кызыкчылыгын коргоп, өзүнүн гана муктаждыктарына жооп берген мекемелерге айланды.

«Кээде мамлекеттүүлүк Ак үйдүн тегерегинде эле деп ойлойм. Анткени мамлекет жарандардын кайсы көйгөйүн чечип жатат?  Өткөн жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, ишкерлердин 65% бизнес жүргүзүүдө коррупция тоскоолдук жаратарын айткан. Бизнесмендердин 50% жеке менчикке кол тийбестиктин жоктугуна нааразычылыгын билдирген», — деди Акматбек.

Ал коопсуздук, укуктардын корголушу — жалпы коомчулук үчүн негизги муктаждык экенин белгилеп, ишкерлердин коопсуздугун жалпы абалдан бөлүп кароо туура эместигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM