Биз менен байланышыңыз

Акаев: Президент соттор боюнча маселе козгошу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 546 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанда мыйзамдар көңүлгө жараша иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында сот, укук коргоо органдары мыйзамдарды жеке кызыкчылыгына пайдаланган жагдайлар жок эмес. Соттордо маселе бар. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков соттор боюнча маселе козгошу керек.

«Анткени ИИМде иштегендер криминалдарды камаган соң, алар 3 айдан кийин бошонуп алышып “кой десе болбой камап кеттиңер эле, мына,  жүрөм мен” деп, милиция кызматкерлеринин үстүнөн күлүп жаткандарын айтышууда.  Криминалдарды бир топ беренелер менен узак жылга камоого болот. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүн бошотуп жиберген соттор иштеп жатат. Бирок аларды дароо жазалоо керек болчу. Парламентте отурган 6 фракция сотторду тандоо кеңешине, тартип комиссияларына өкүлдөрүн жиберип, ошолор курайт. Керек болсо, сотторду жумуштан алдырып салууга укугу бар. Бирок фракциялар жоопкерчиликтен качышат», — деди Акаев.

Эл өкүлү белгилегендей, көп сунуштарды берген менен өкмөттөн “бюджетте акча жок” деген жооп келет. Бирок криминалга каршы күрөш жарыялап, аларды мыйзам алкагында жоопко тартуу үчүн каражат талап кылынбайт.

Copyright © 2017 Maral FM