Жогорку Кеңеш сейрек кездешкен аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарларды атууга тыюу салыш керек деген мыйзамды четке какты. Мыйзам долбоорун сунуштагандар кайберендерди атып жок кылуу — кызыл китепке киргизилген ак илбирсти негизги азыгынан ажыратуу деп эсептешет. Ал эми курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аңчылыкка тыюу салууга негиз жок экенин айтууда. Бул маселе социалдык тармактарда да активдүү талкууланып жатат.
23-октябрда, Жогорку Кеңеш өлкөнүн жашыл экономикага өтүү боюнча коомдук кеңеши тарабынан иштелип чыккан жаныбарлар дүйнөсүн жана объекттерин сактоого жана коргоого багытталган долбоорду четке какты.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Эмил Токтошев корук башчылары туристтер менен аңчылыктан түшкөн каражатты өздөрү каалагандай пайдаланып жатканын жана мамлекетке тиешелүү деңгээлде каражат түшпөй калганын айтты. Ал жаныбарлардын 5 түрүнө гана аңчылык кылууга тыюу салуу сунушталганын белгиледи.
-2017-жылы аңчылык чарбаларынан 671 млн. сом гана түшүптүр. Анан, албетте, өз билгенин жасап көнгөн курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги мыйзам долбооруна каршы болот да. Мындай абалга нааразы болгон жергиликтүү калк аңчылык боюнча иш-чаранын баары мыйзам жолуна салынышын күтүп турган убагы. Биз азыр жапайы жаныбарлардын 5 түрүнө гана аңчылык кылууга тыюу салуу демилгесин сунуштадык, калгандарына аңчылык кылса болот.
Депутат Иса Өмүркуловдун пикиринде аңчылыкка тыюу салуу — жаныбарларды коргойт дегенге кошулбайт. Эл өкүлү мындай чечим келген туристтердин санын кыскартат деп эсептейт.
-Айып пулдун көлөмү көбөйгөн сайын, аңчылык кылгандар азайууда. Ушундай жол менен баарын тарбиялашыбыз керек. Ал эми чектөө менен кайда барабыз? Анда жаратылышты көргөнү эч ким келбейт. Тыюу салуу менен маселе чечилбейт.
Сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салууну эл өкүлдөрү колдобогонун социалдык тармактардын колдонуучулары да кызуу талкуулашууда. Жарандык активист Семетей Талас уулу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына кайберендерди атуунун ордуна алардын санын көбөйтүү — туристтердин санын арттырат деген оюн билдирген.
-Кайберендин кандай түрү болбосун, атууга тыюу салып, аларды катуу коргоп, санын өстүрсөк, аларды тирүү көрүп, сүрөткө тартуу үчүн жайнаган турист келет. Ошентип экотуризм өнүгөт. Кайберен канчалык көп болсо, жашыл төрлөр ошончолук кулпурат, гүлдөйт. Себеби булар — жердин кыртышын жумшартып, гүлдөрдү чаңдаштырган экологиялык функцияны аткарган жаныбарлар. Алар канчалык көп болсо, мамлекетке ошончо пайда.
Ал эми эколог Динара Кутманова эң зарыл болуп жаткан мыйзам колдоо таппай калганына өкүнгөнүн айтат. Ал белгилегендей, бул ирет да акчанын күчү жеңип кетти. Себеп дегенде каршы болгондордун баарынын жеке кызыкчылыктары бар.
-Абдан керектүү, зарыл болуп жаткан кадам колдоо таппай жатканы өкүндүрөт. Каршы болгондор өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп жатышат. Бул маселени биринчи ирет көтөрүп жаткан жокпуз. Жаныбарлар азайбаса, аларды коргоого зарылчылык болбосо, мыйзам жазылбайт эле. Каршы болгондор “бизнесин” сактап калуу аракетин көрүп жатат.
Тоо текелерин атууга мораторий киргизүүнү Жогорку Кеңеш биринчи жолу четке каккан жок. Мындай сунуш 2017-жылы да көтөрүлгөн. Анда мындай чечим мамлекетке чыгым алып келип, мыйзамсыз аңчылыкка жол ачары жүйөө келтирилген.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жылына 150гө жакын тоо текелери атылат. Ал эми расмий эмес маалыматтарга караганда, жылына 500гө жакын аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарлар аңчылардын курмандыгы болот.
Сүрөттөр интернеттен алынды.