Марал Радиосу

Зарлык Камбаралиев менен Кызсайкал Кабыловадан жаңы дуэт (видео)

 Жакында жаш ырчылар Зарлык Камбаралиев менен Кызсайкал «Өмүр» аталышындагы чыгармасын тартуулашат. Мындан мурда алар «Ажырасак» аттуу ырды аткарып чыгып, кыска аралыкта көптөгөн көрүүчү топтой алышкан.

Алар жаңы дуэти тууралуу: «Ырдын максаты — ар бир пендеге берилген өмүрдүн баркын билүүгө үндөйт. Мисалы, кээ бир адамдар бар, баардыгы жетишип турса дагы жашоого нааразы болушат. А кээ бирлери ошол өмүргө муктаж келишет. Негизинен бул ыр жашоонун ак-карасын чагылдырып берет. Ырды уккандан кийин адамдар жакшы жакка өзгөрөт деп ишенебиз,»- деген оюн билдиришти.