Биз менен байланышыңыз

Акаев: Өкмөт башчы мага эмес, элге актансын

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 736 | 0

Өкмөт башчы, Ички иштер министрлиги крим чөйрөсү тууралуу айтканым үчүн мага эмес, элге, жарандарга, ишкерлерге жооп берсин. Мындай пикирин Жогорку кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин бүгүнкү, 24-октябрдагы жыйынында билдирди.

«Бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан!«- деди эл өкүлү.

Эске салсак, 23-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаев учурда Кыргызстанда криминал баш көтөрүп, өкмөт бизнести коргой албай калды деп сындап, Кыргызстандын бүт чоңураак шаарларындагы кафе, машине оңдоочу жайлардан кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү ай сайын салык чогултуп жатканын айткан.

Ага карата Өкмөт башчы маселени саясатташтырбоого чакырган.

Депутат Акаев ишкерлерди криминалдан коргоого чакырды

 

 

Copyright © 2017 Maral FM