Марал Радиосу

Эргешов: 9-классты бүтпөгөн окуучунун диний билим алуусуна жол берилбейт

Билим берүү мыйзамы боюнча окуучу 9-классты бүтүрмөйүнчө диний билим ала албайт. Эгерде мыйзам бузуу болсо, диний окуу жайлардын жетекчилери жооп берет. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Заирбек Эргешов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектептерде хижап кийүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган эмес. Бирок мектептердеги ички жоболорго ылайык, бирдиктүү форма киргизип, жөнгө салууга болот.

Эргешов мындан сырткары мамлекеттик органдарда диний принциптен сырткары иш алып баруу милдеттендирилген.  Ал эми диний тармак мамлекеттик саясатка аралашпоосу керек.