Марал Радиосу

АКШ: Түркияга каршы киргизилген санкциялар алынды

Анкаранын Сирия түндүгүндөгү күрддөргө каршы операциясына байланыштуу АКШ Түркияга киргизилген санкцияларын алды. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп билдирди.

Чектөөлөрдүн алынышы Түркия аскердик операциясын токтоткондугуна байланыштуу болду. Мындай чечим Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган.

Бул макулдашуунун алкагында Орусиянын аскердик полициясы 23-октябрда алгачкы жолу Сириянын түндүгүндөгү белгиленген аймакты күзөтө баштады. Мурдараак аскердик полициянын колоннасы Евфрат дарыясынан өтүп, сирия-түрк чек арасын көздөй багыт алганы кабарланган.

Трамп аймактагы ок атуу АКШ аракеттеринин натыйжасында токтогонун баса белгиледи. Ошондой эле Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечими туура болгонун кошумчалады. АКШ президенти мунай кендерин кайтаруу үчүн Сириянын чыгышында анча көп эмес сандагы америкалык аскерлер кала турганын айткан болчу.

АКШ Конгресси Америка аскерлерин Сириянын аймагынан чыгарып кетүү чечими туура эместигин айтып, сындап келишкен.