Биз менен байланышыңыз

Ташиев: 9%дык босогону төмөндөтүүнү каалагандар учурунда каршы чыга алышкан эмес

Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 863 | 0

Жеке мен парламенттик шайлоодогу 9% босого упайдын өзгөртүлбөстөн калуусун каалайт элем. Мындай пикирин  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев өзүнүн «Фейсбук» баракчасында билдирди.

«Ооба, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы учурда ошол босогону төмөндөтөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда, үн катышкан эмес. Көпчүлүгү парламентте олтурушкан, бирок ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрктери жеткен эмес«, — деп жазган Ташиев.

Ошондой эле ал: «Саясий атаандаштыкта күч сынашалы, кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экендигин эл чечсин, буюрса, элдин колдоосу менен парламентке өтүп келебиз!», — деп өзүнүн 2020-жылдагы парламенттик шайлоого бара турган ниетин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM