Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Жаңы күчтөрдүн жолун бууган 9 пайыздык чек

Күн чекит | 23 Окт 2019 | 1808 | 1

22-октябрда Бишкекте бир топ депутат, саясий серепчилер, жарандык активисттердин катышуусунда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр талкууланды. Шайлоо боюнча мыйзамдар топтому ушул жылдын август айында кабыл алынган. Ага ылайык, шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылган. Бирок акыркы күндөрү парламентке өтүү босогосун төмөндөтүү сунуштары айтылууда.

Мыйзамдагы мындан башка да кемчиликтерди жоюу боюнча коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков менен маек курдук.

Марал: — Шайлоо мыйзамдарында парламентке өтүүдөгү босого баллды 9 пайыздан төмөндөтүү сунушу айтылып жатат, бул 9 пайыз босого балл эмне маселени чечет жана кесепети кандай болот?

Ишенбай Кадырбеков: — Парламентке өтүүдөгү 9 пайыздык босого баллды ойлоп чыгарган авторлор – колдон келишинче Жогорку Кеңешке экиден ашпаган партия келсин деген максатты көздөшкөн. Ошондо бул аракет менен парламентке эң көп 3 партия келсе, Жогорку Кеңешти да, аткаруу бийлигин да колго алып, жалпы Кыргызстанды башкарабыз дегендердин оюну ишке ашат.

Босого балл деген эмне? Мисалы, эгер шайлоого 2 млн эл катыша турган болсо, депутаттыкка мандат алуу үчүн 181 миң добуш алыш керек болот. Ал эми 179 миң шайлоочунун добушун алып калса ал өтпөй калат. Бул деген – 179 миң шайлоочунун өкүлү (партиясы) парламентте болбой калат дегенди түшүндүрөт.

Мунун кандай коркунучу бар? Эгер бир пикирдеги, оппозициясы жок партиялар парламентте элдин талабын, оюн айта албай калса, алар көчөгө чыгат, курултай өткөрөт, бийликке оппозиция болуп калышат.

Экинчиден, эң негизгиси Кыргызстан демократиялык принциптерди карманган мамлекет болгондон кийин парламент элдин бийлиги деп эсептелет. Ал эми эл өзү шайлаган депутаттары аркылуу мыйзам чыгаруучу бийликти башкарат. Бул Конституцияда жазылган. Демек, шайлоочулардын 100 пайыз өкүлү парламентте болсун дегенди түшүндүрөт.

Биз азыр шайлоочулардын шайлоо укугунан ажыратканыбыз аз келгенсип, эми жаңы партиялардын, жаңы күчтөрдүн келишине жолду бууп жатабыз.

Марал: — Мисалы, жүздөгөн партияны ирилештирип, алардын санын азайтуу сунуштары да айтылып жатпайбы, бул канчалык туруктуу болот деп ойлойсуз?

Ишенбай Кадырбеков: — Бул жомок. Бүгүнкү күндө партиянын тизмеси акчанын күчү менен түзүлөт. Эгер эки партия биригип калса, акчанын көлөмүнүн аукциону эле болот. Программасы, максаты, идеологиялык жактарына карата бириккен партия жок. Себеби бүгүнкү күндө алар бутуна тура элек, программалары бири-бирине окшош.

Тарыхтан өткөн, мисалы туңгуч президент Аскар Акаев да Конституцияны өзгөртүп, бийликтин баарын өз колуна алганы аз келгенсип, парламентке “Алга” партиясын алып келем дегенде революция болгон. Курманбек Бакиев дагы “Ак жол” партиясын түзгөндө анын тагдыры эмне болгонун билебиз. Азыр социал-демократтар партиясынын тагдырын көрүп жатабыз. Бийликке тойбогон башкаруучулардын келечеги кыска болот.

Марал: — Бул мыйзам шашылыш эле кабыл алынып калганбы? Азыркыдай сунуштарды айтып, талкуулоого мүмкүнчүлүк болгон эмеспи?

Ишенбай Кадырбеков: — Негизги ой ошол эле. Бирөө талашпасын, өкмөттү өзүбүз куралы, саясатты өзүбүз жүргүзөлү, Конституцияны оңдойлу деген эле кыска ой. Башка саясий күчтөр эмне кылат, каяка барат дегенди ойлонушкан жок.

Мыйзамды кабыл аларда анализ кылыш керек. Анын таасири кандай болорун ойлогон депутат жок. Мисалы, эгер парламентке бир эле партия өтүп калса, Конституциянын негизинде 65 эле мандат болуп калат. Анда мыйзамдарды кантип кабыл алышат? Азыр бул шайлоо мыйзамдарына элдин көбү нааразы. Элдин пикири канчалык көп болгон сайын, өзгөртүү киргизүүгө жол ачылышы мүмкүн.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    23.10.2019 15:32

    Парламент озун корсотту, парламенттик башкарууга даяр эмес, баары бийликти караган, акчага сатылган, бийликтин партиясына ото качкан сойку саясатчылар. Партия жетекчилер базардагыдай мандат сатышат, ушулар элди ойлойбу. Озунун кетирген акчасын ойлойт, тууган туушканын баарын Бишкеке чакырып ишке орнотот. Элдин баары билет. Кыргызстанга мурдагыдай эле шайлоо округтарына жараша элдин ичинен бир мандаттуу шайлоо керек. Эл билет кимди шайлап жатканын. Азыркы шайлоо европага, онуккон мамлекеттерде шайлоочулардын коз каранды эмес, колунда бар адамдарыга ылайыкташкан. Биздин жетишпей турган элди мункуротуп,колунда барларга коз каранды болуп турганы азыркы депутаттарга жагат, добушту сатып алуу ынгайлуу. Эл бир кун тойгонуна суйунот, Келечекте ойлой турган денгээлге жете элек.
    Коншу Мамлекеттер президенттик башкаруу менен эле жашап эконмикасы осуп жатат. 120 депутаттын санын кыскартуу керек, ал эмнеге негизделген. Областарды жою керек. Канча акча уномдолот. Депутаттардын санын негиздеп анан 35,50,100,элдин санына жараша болгону жакшы. Мисалы 6млн калкка 60 депутат жетээр.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM