Марал Радиосу

Арабаев: Статс-катчылар эл алдына чыкпайт

КРнын эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө да токтолуп, аталган кызмат барктуу экенин билдирди.

Анын айтымында, статс-катчылык министрдин орун басарлык кызматына тете. Бирок статс-катчылар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу эл алдына чыкпайт. Мындан улам алар жасап жаткан иштер коомчулукка  жетпей жатат.

Министрликтердеги көйгөйлөрдү ийне-жибине чейин билген адам гана статс- катчы болуп иштеши керек.