Биз менен байланышыңыз

Педагогикалык билимине карабай, бардык мугалимдер 30%га жогорулаган айлык акы алат

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 484 | 0

Октябрь айынан тартып Кыргызстандагы бардык мугалимдер педагогикалык билимине карабай, 30%га жогорулаган айлык акы ала алышат. Бул боюнча туура эмес маалыматтар жана түшүнбөстүктөр жаралган үчүн Билим берүү жана илим министрлиги маянаны жогорулатуу шарттарын дагы бир жолу эскертти.

Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык, мектепте мугалим болуп профилдик педагогикалык билими барлар гана иштей алат. Азыр Кыргызстандагы мугалимдердин болжолдуу 2,5%ы бул талапка жооп бербейт. Бирок кайсы бир адистик боюнча орто же жогорку билимге ээ.

Жогорку жана орто билимге ээ болгон педагогдордун окуу саатынын баасы буга чейин да айырмаланган эмес. Окуу саатынын баасы көтөрүлгөндөн кийин төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

  • Орто кесиптик педагогикалык билимдүү адистердин бир сабагы — 60 сомдон 78 сомго чейин;
  • Бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы — 67,5 сомдон 87,8 сомго чейин;
  • Адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы — 75 сомдон 97,5 сомго чейин.

Токтомдо окуучулардын билим пайдубалын түптөгөн мугалим жана педагогдордун айлык акысын жогорулатууга приоритет берилген. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлык акысынын көтөрүлүшү төмөндөгүдөй болот:

  • Орто кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы — 78 сомдон 93,6 сомго чейин;
  • бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы — 87,8 сомдон 105,36 сомго чейин;
  • Адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы — 97,5 сомдон 117 сомго чейин.

Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы менен азыркы учурдагы бардык кошумча төлөмдөр (бийик тоолуу райондор ж.б.) сакталат.

Copyright © 2017 Maral FM