Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 2….7… күндүз: 15…..20°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 0….5….күндүз: 14…..19°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 3…..8….күндүз: 17…..22°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: -3…..2….күндүз: 11……16°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 0….-5…..күндүз: 12…..17°C;
23-октябрда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 18……20°C, түнкүсүн 4..… 6°C.