Марал Радиосу

Төрөбаев: 2020-жылы сабатсыз парламент келип калуу коркунучу бар

2020-жылкы шайлоодо парламентке 4 партия келиши ыктымал. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы парламенттик шайлоодо сабатсыз парламент келип калуу коркунучу бар. Мындан улам партиялар биригиши керек. Партиялар ирилешсе, парламентке кесипкөй адамдар келет.

«Натыйжада, парламентке бир партиядан кеминде 25 депутат келет. Анын арасында аялдар, мугалим, юрист, медицина кызматкери келип калышы мүмкүн. Биз кесип боюнча да квота киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жазып жатабыз, 10-15 күндө коомдук талкууга алып чыгабыз. Алсак, мугалимдер, юристтер өз алдынча съезд өткөрүп, партияларга 20 талапкер сунушташсын, партияларга социалдык, юридикалык коомдун өкүлдөрү кирсин. Биз бул жерде кесипкөй адистерди, интеллигенция өкүлдөрүн, тажрыйбалуу адамдарды алып келейин деп жатабыз. Муну менен парламентке криминалдардын келүүсү азаят. Көп талаптарды мыйзамдаштырышыбыз керек», — дейт Төрөбаев.

Exit mobile version