Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Tokyo Rope MFG» менен кызматташууга кызыкдарбыз (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 493 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

«Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, Сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз», — деди президент.

«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү.

«Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет», — деп белгиледи ал.

Корпорациянын кичи ишканасы Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.

«Tokyo Rope MFG» — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM