Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Учурда «киттер» да камалууда 

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 516 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров «Маралга» берген маегинде коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүрүп жатканын билдирди.

«ЖМКлар ар дайым «киттер калып кетип, чабактар камалууда» деп жазып келчү. Учурда киттер да камалып жатат. Мурдагы өкмөт башчылар, министрлер абакта…», — деди Бакиров.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш тандалма эмес, мыйзамсыз аракеттерге карата болуп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков багыт көрсөтөт. Өлкө башчынын максаты мамлекеттин бүтүндүгү, Кыргызстандын келечеги, эл аралык мамилелер, мүмкүн болсо тикелей инвестиция тартып келүү болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM