Марал Радиосу

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов кызматтан алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт.