Марал Радиосу

“Электр станциялары” ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов каза болду

“Электр станциялары” ишканасынын генералдык директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов каза болду. Бул тууралуу аталган ишкананын өкүлү Нурдин Султанбеков кабарлады.

Азамат Жөөтуманов 39 жашында инсульттан улам кечээ каза болгон. Ал үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы болчу.

Маркум эртең жерге берилет.