Марал Радиосу

Соцкызматкерлердин айлык маселеси качан чечилери айтылды

Социалдык кызматкерлердин маянасын жогорулатуу боюнча премьер-министр Мухаммдекалый Абылгазиевдин принципиалдуу макулдугу бар. Бул маселе 2020-жылдан тарта чечилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, адистерди даярдоо жагына көңүл буруу зарыл. Үймө-үй кыдырып чыныгы муктаждарды камкордукка алууга мүмкүнчүлүк жок.

Мындан улам социалдык кызматкерлердин ыйгарым укуктарын жергиликтүү бийликке өткөрүү боюча токтом кабыл алынган.

Ага ылайык, 935 социалык кызматкер жергиликтүү бийлик тарабынан ишке алынган. Министирлик аларга республикалык бюджеттин эсебинен маяна төлөп бериши керек.