Биз менен байланышыңыз

9 айда салык кызматынын 37 кызматкери жазаланды

Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 413 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 9 айда жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 37 кызматкерин жазалады.

Жалпысынан 9 ай аралыгында Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 130 кайрылуу жана даттануулар келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу жүзүндө – 50 билдирүү, электрондук почта боюнча – 36, “ишеним телефонуна” – 41.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 45 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 38 боюнча – тастыкталды, 2 – жарым- жартылай тастыкталды, 14 – кароо стадиясында турат жана маалымат үчүн – 4.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында бир катар кызматкерлер жазанын ар кандай түрлөрүн алышты, анын ичинде 4 кызматкер кызматтан бошотулса, 8 – катуу сөгүш, 11 – сөгүш, 8 – эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Салык кызматы келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн хронометраждык текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Copyright © 2017 Maral FM