Биз менен байланышыңыз

21-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Без рубрики , Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 820 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 5….7… күндүз: 15…..17°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -1….4….күндүз: 11…..16°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 5…..10….күндүз: 16…..21°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 9……14°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 0….5…..күндүз: 9…..14°C;

21-октябрда Бишкекте күндүз жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 15……17°C, түнкүсүн 5..… 7°C.

Copyright © 2017 Maral FM