Биз менен байланышыңыз

Баткенде Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өтөт

Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 1468 | 0

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Мааракенин алкагында илимий-практикалык конференция өткөрүү, даректүү тасма тартуу, театрлаштырылган көрсөтүү, концерттик программа жана спорт иш- чаралары өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Орозбековдун 130 жылдык иш- чарасын уюштуруу жана өткөрүү планына ылайык, А. Орозбеков атындагы музейдин тегереги көрктөндүрүлүп, Кадамжай шаарындагы Орозбеков атындагы көчөнүн тротуары жана борбордук стадиону оңдоп түзөөдөн өттү.

Абдыкадыр Орозбеков — Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири. 1927 – жылы Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин 1 – уюштуруучу курултайында Орозбеков Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат.

Кыргызстан Абдыкадыр Орозбековдун иш аракети менен автономдук республика статусуна ээ болуп, кийинчерээк союздук республикага айланган. Орозбеков – Кыргыз Республикасын 1937 –жылга чейин үзгүлтүксүз башкарган алгачкы жетекчи.

Copyright © 2017 Maral FM