Биз менен байланышыңыз

Красноярск крайында дамбанын жырылышына байланыштуу Жээнбеков Орусиянын президентине көңүл айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 754 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-октябрда, Орусиянын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү боюнча каалоолорумду жеткирип коюңузду өтүнөм. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, ишембиге караган түнү Орусиянын Красноярск крайында Сейба дарыясында дамба жырылып, 15 киши каза болуп, 14 киши ар түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ооруканага жеткирилгендердин үчөөнүн абалы оор экендиги айтылган. Учурда аталган аймакта дайынсыз жоголгондорду издөө иштери жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM