Марал Радиосу

Кыргызстанда 9 айда былтыркыдан 10 эсе көп балык экспорттолду

Кыргызстанда 9 айда дээрлик 1,5 миң тонна балык экспорттолду. Бул көрсөткүч өткөн жылдагы көлөмдөн 10 эсеге ашты. Мындай маалыматты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 9 айында 1 миң 466 тонна балык жана балык өнүмдөрү экспорттолгон. 2018-жылы 145 тонна болгон.

Инспекциядан билдиришкендей, балык жана балык өнүмү Евразия Экономикалык Биримдигинин рыногуна кыргызстандык 5 компания тарабынан экспорттолот.

Кыргызстандын аймагындагы ветеринардык көзөмөл системи ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ветеринардык көзөмөл системи менен шайкеш келет деп табылганын мекеменин маалымат кызматы кошумчалайт.