Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы УКМКнын тергөө абагында Атамбаев менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 715 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевды көрүп келди.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев акыйкатчыга камактагы шарттарга эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, Атамбаев бир катар кылмышка шектелүүдө: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу.

Ушул жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармаган. Соттун чечими менен ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM