Марал Радиосу

«Апрель TV» мыйзамсыз түрдө эфирге чыгарбай жатканын билдирип коомчулукка кайрылды

«Апрель» телеканалынын жамааты керектүү уруксат документтеринин болгонуна карабай тиешелүү мекемелер аларды мыйзамсыз түрдө эфирге чыгарбай жатканын билдирип коомчулукка кайрылышты.

«Апрелдин» жамааты аларда эфирге чыгууга укук берген тиешелүү күбөлүктөр, лицензиялар бар экенин жана алар күчүн жоготпогонун, ага карабай телеканалды эфирге чыгарчу «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коому алардан баш тартканын белгилеп, аталган ишкананын жетекчиси Кубат Оторбаев «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка алынгандыктан, «Санариптик технологиялардагы”  телеканалдын үлүшү да каммака алынганын билдирген.

Аталган телеканал медиа-коомчулукка жана укук коргоо органдарына кайрылып, мыйзамдык каражаттарды колдонуу менен өз алдынча жана оппозициялык телеканалдардын эфирге эркин чыгышына көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Эске сала кетсек,  9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими “Апрель” телеканалына “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин камактан чыгарылышындагы коррупциялык иштерге шектелип камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү мүлкү катары камакка алынган.

“Апрель” каналынын юристтери ИИМдин тергөө тобунун аракетине  жана Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясына карата Башкы прокуратурагы азыр менен кайрылган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Апрель” телеканалынын теле берүү боюнча лицензиясын албай турганын билдирген.

 

 

Exit mobile version