Биз менен байланышыңыз

5 млн доллар чыгарып кетүү фактысы: Бабановдун карындашынын аты аталды

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 5043 | 1

«Манас» эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунан 5 млн. доллар өлчөмүндөгү акча каражатын оффшордук компаниялардын жардамы менен чыгарып кетүү фактысы боюнча кармалган шектүү өз күнөөсүн моюндап, тергөө менен кызматташа турганын билдирген. Бул тууралуу TUZ.KG сайты жарыялады.

Шектүүдөн аталган факты боюнча башка катышуучулар жөнүндө баалуу көрсөткүчтөрү алынган. Иштин бардык жагдайларын аныктоо, мамлекеттик зыяндын ордун толтурууну, Жазык Мыйзамына ылайык бөгөт чарасы каралып, сот тарабынан үй камакка алуу каралат.

Учурда кылмыш иши иликтенип жатат. Тергөө органдары иш боюнча жагдайларды белгилөө жана сот адилеттигине тартылган бардык адамдарды алып келип, мамлекетке келтирилген 5 млн. доллар өлчөмүндөгү зыянды кайтарууну камсыз кылуу үчүн бардык чаралар кабыл алынган.

Ушул жылдын 30-сентябрында тергелип жаткан иштин алкагында, Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган (ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө коротуу) кылмыштарды кылды деп шектелүүсү боюнча тергөө тарабынан аэропорттун юридикалык бөлүмүнүн башчысы «Б.М.» деген жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө тарабынан «Манас» эл аралык аэропортунун (МЭА ) жооптуу жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, өзүнө пайда көрүү максатында 2014-жылы «Манас» аэропортунда жайгашкан, ошол мезгилде банкрот болгон жана чыгашалуу «Отун борбору» жабык акционердик коомунун жалпы наркы 5 миллион доллар болгон 100% акцияларынын пакетин сатып алууга пайдасыз келишимди билип туруп, түзүшкөндүгү аныкталды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2014-жылдын декабрында “МЭАтын” дарегине “Ф.С.Л.” компаниясынан “Отун борборунун” 7 миллион доллар турган 100% акцияларынын пакетин сатып алуу жөнүндө коммерциялык сунуш келип түшкөндүгү, анын директору  Кипрдин жараны Е.К. болгондугу аныкталды.

Бул коммерциялык сунушту кароо аэропорттун  юридикалык бөлүмүнүн башчысы “Б.М.” жана финансылык-экономикалык дирекциянын директору «А.Ж.» тапшырылган, алар кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, “Отун борборунун” ишмердигин изилдеп чыккан сыяктуу болушуп, жалган кызматтык катты түзүшкөн, анда ишкана кирешелүү жана эч кандай карыздары жок деп көрсөтүшкөн, бирок анда аталган ЖАК банкрот болуп калган. Анткени, карыздары активдерден ашып кеткен.

Андан соң, кыска мөөнөттүн ичинде 2014-жылдын 25-декабрында бул кызматтык каттын негизинде “МЭАнун” Директорлор кеңеши тарабынан “Отун борборун” сатып алуу жактырылган, кийинки күнү эле 26-декабрда “МЭАнын” башкармасы менен аталган чыгашалуу компаниянны наркы 5 миллион доллар болгон 100% акцияларынын пакетин сатып алуу чечими чыккан.

Мындан кийин, ошол эле күнү 2014-жылдын 26-декабрында “МЭАнун” башкармасынын төрагасы “И.А.” менен “Ф.С.Л.” компаниясынын директору Е.К. ортосунда келишим түзүлгөн, бир нече күндөн кийин эле жогоруда аталган каражаттар “МЭАнун” эсебинен эки оффшордук компаниялардын эсебине которулган.

Мында, жогоруда аталган ишкананын иштеген учурдагы акцияларынын наркы 100 миң сом турган.

Муну менен бирге, тергөө тарабынан бенефициардык ээси, тагыраак айтканда жогоруда аталган оффшордук компаниялар аркылуу “Б.А.Т.” деген жарандын атына чыгарылып кеткен 5 миллион доллардын чыныгы алуучусу аныкталган.

TUZ.KG сайты 5 миллион доллардын чыныгы алуучусу катары аныкталган “Б.А.Т.” аттуу жарандын ким экендигин аныктоого жетишкен.

Аталган редакциянын ишенимдүү булактары “Отун борборун” сатуу тарыхы боюнча тааныштары “Б.А.Т.” бул Бабанова Ая Токтогуловна экендигин башкача айтканда Өмүрбек Бабановдун бир тууган карындашы экендигин айтышкан.

Бүгүнкү күнгө чейин Финпол дагы, Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү дагы бул маалыматты төгүндөй элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM