Марал Радиосу

Дүйнөдөгү эң ири түрмө жабылат

Нью-Йорк шаардык кеңеши маалымдагандай, дүйнө боюнча ири деп саналган Райкерс түрмөсү жабылмакчы. Бул тууралуу New York Times агенттиги жазды.

Райкес аралында жайгашкан түрмө 10 миң адамга ылайыкташкан.

Шаар башкармалыгы 2026-жылга чеийн түрмөнү жабуучу 8,7 млрд долларлык долбоорду кабыл кылган. Анын ордуна кылмышкерлер кармалуучу 4 жай курулмакчы.

Долбоорго ылайык, жаңы түрмө жайлары Нью-Йорктун Бруклин, Квинс, Бронкс жана Манхэттен аймактарынан орун алат.

Абактын жабылышына ал жердеги мыйзам бузуулар жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар көп катталгандыгы себеп болууда.