Марал Радиосу

Аравияда 36 адам каза болгон кырсыкта кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

An ambulance rushes to the site where pilgrims were crushed and trampled to death during the annual hajj pilgrimage in Mina, Saudi Arabia, Thursday, Sept. 24, 2015. The crush killed hundreds of pilgrims and injured hundreds more in Mina, a large valley on the outskirts of the holy city of Mecca, the deadliest tragedy to strike the pilgrimage in more than two decades. (AP Photo/Mosa'ab Elshamy)

Сауд Аравиядагы автокырсыктан кеминде 36 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Айрым маалыматтарда 35 киши деп жазылып жатат.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгондордун жана кырсыктагандардын арасында кыргызстандыктардын бар же жок экенин териштирип жатат. Бул тууралуу «Маралга» муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

«Умра зыяратын Кыргызстанда жеке фирмалар уюштурат. Буга чейин жеке фирмалардын жардамы менен зыяратчылар тобу чыгып кеткен. Учурда Муфтият бул боюнча тактап жатат», — деди Максат Атабаев.

«Эр-Рияд» басылмасы белгилегендей, кырсык Мекке жана Медина унаа жолунда болгон. Сауд Королдугунда жашаган Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген зыяратчыларды кичи ажылыкка (умрага) алып бараткан автобус жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсыктан автобус күйүп кеткен.

Автобустун ичинде 40 адам болгон. Алардын төртөө ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version