Марал Радиосу

«Өзбекстан пансионаттар боюнча Кыргызстанды Арбитраждык сотко берген»

Мамлекеттик мүлк фонду улутташтырылган пансионаттар баланска киргизилбей калганын билген эмес. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Жылдызбек Исакулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан тарап Ысык-Көлдө улутташтырылган 4 пансионат боюнча Кыргызстанды эл аралык Арбитраждык сотко бергени чындык. Бул боюнча өкмөт иш алып барып жатат.

Бирок Исакулов пансионаттар Кыргызстандын мүлкү экенин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, улутташтырылган 47 объектинин 14ү Ысык-Көл облусунда турат. Анын 9у 2012-жылга чейин жеке менчикке сатылып, учурда 38 объект калган.