17-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.
19-20-октябрларда жана 21-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
21-октябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.