Марал Радиосу

Бешинчи кабаттан кулаган бала ооруканада каза болду

Бишкекте бешинчи кабаттан кулап кеткен бала ооруканада каза болду. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады. Ал бала 16-октябрга караган түнү Улуттук госпиталда жан бергени айтылат.

Бишкектин Коёнкөзов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулап кеткенде жаш жигиттин баш мээси катуу жабыркаган. Оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Тез жардам» кызматы баланы адегенде өспүрүм деп шаардагы 3-балдар ооруканасына алып барышкан. Кийин анын студент экени аныкталгандан соң Улуттук госпиталга которулуп, ал жерде бул жарыктык менен кош айтышкан.