Марал Радиосу

Жалал-Абад шаарында 45 метрлик туу көтөрүлдү (сүрөт)

Жалал-Абад шаарына бийиктиги 45 метрге жеткен туу көтөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Туу түркүктүн төрт тарабына ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун, саясий ишмер Бекмамат Осмоновдун, «Алай ханышасы» Курманжан Датканын жана мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун сүрөтү түшүрүлгөн.

Аталган комплекске «KG Групп» курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташовдун жеке каражаты жумшалган.

Эскерте кетсек, мындай комплекстер буга чейин Балыкчы, Ош шаарларына жана Казакстанга кетчү жолдогу «Акжол» өткөрмө пунктунун аймагына тургузулган болчу.