Биз менен байланышыңыз

Ош шаары Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусу менен кызматташат

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 490 | 0

Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Сыяр Кален уулу жетектеген делегация мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда ар түрдүү багыттар боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, ишканаларды калыбына келтирүү, соода тармагын өнүктүрүү жана карым-катышты күчөтүү боюнча талкуу болду.

Шаар мэри ишкерлерди колдоо багытында долбоорлор сунуштала турганын айтып, тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Сыяр Кален уулу Сарыбашовго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Ош шаары аз убакыттын ичинде бир топ жакшы жагына өзгөргөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлер жана айыл чарба азык-түлүгүнүн соода мамилелерин өнүктүрүү, колдоо, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM