Биз менен байланышыңыз

Түрк Кеңешинде бир катар документтерге кол коюлду

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 518 | 0

Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин VII жыйынынын жыйынтыгы боюнча Баку шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Уюмдарынын Координациялык комитетин түзүү жөнүндө чечими;
  2. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү жөнүндө чечими;
  3. Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени жөнүндө чечими;
  4. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку орденин ыйгаруу жөнүндө чечими;
  5. Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басарын жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечими;

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынып, Түрк тилдүү мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин катчылыгы менен Венгриянын Өкмөтү ортосундагы Венгриядагы Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгы Кеңешинин өкүлчүлүгүнө байланыштуу Макулдашууга кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM