Марал Радиосу

Мэрлерди түз шайлоо демилгеси кайра көтөрүлдү

elections

Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо боюнча демилгечи топ түзүлүп жатат. Бул демилгени «МувГрин» экологиялык коомдук уюмунун жетекчиси Мария Колесникова көтөргөн. Негизи мындай демилге буга чейин да айтылып келген. Ал эми Мария Колесникованын пикиринде, шаардын мэри элдин көйгөйүн билиши үчүн эл шайлашы керек. Себеби, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл шайласа, алар жоопкерчиликти сезет.

— Демилгелүү жаштар биргеликте шаар мэрин, айыл өкмөт башчысын түз шайлоону сунуштап жатабыз. Себеби, жарандар өздөрү шайласа, алар жоопкерчиликти сезишет. Болбосо, жыл сайын шайлоонун алдында талапкерлер убадаларын беришет, бирок аткарышпайт. 

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жалпы элдин шайлоосу жөнүндө» мыйзам долбоору 3 жыл мурун сунушталган. Бирок кайчы пикирлер жаралгандыктан, кабыл алынбай келген. Бул идеяны кээ бир депутаттар колдосо, ал эми башкалары бийлик экиге бөлүнүп кете турганын айтышат.

Демилгени колдогон «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев «Элге айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо укугун берүү керек» деген демилгени колдойт. Президентти кандай шайласа, айыл өкмөт башчысын, шаардын мэрин да ачык шайлашы керек деген пикирде.

— Мисалы, эл тааныбай эле өз добушун бере беришет. Ал эми шаардын мэрин же айыл өкмөт башчысын тааныйт, ошондуктан аларга түз шайлаганга уруксат беришибиз керек.

Мындай пикирге кошулбаган Бишкек шаардык Кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Рысбай Аматов өлкө парламенттик башкаруу системасында болгондуктан, жергиликтүү өкүлдөр аткаруучу катары өкмөткө отчет бериши керектигин айтат.

— Кыргызстан парламенттик өлкө, биз ушуну кабыл алганбыз. Эгер жергиликтүү бийликти да шайлоо аркылуу тандасак, бийлик экиге ажырап калат. Анда премьер-министрди да элге шайлатуу керек болот.

Саясатчы Равшан Жээнбеков жергиликтүү бийликке татыктуу талапкерди эл өзү тандаганы туура экенин айтып, ошондо гана аткаруучу бийлик өз алдынча иштей ала турганын билдирди.

— Туура, шайлоо таза өтөт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок жергиликтүү органдар өкмөткө көз каранды болуп жатат. Ошондуктан, эл мэрди, айыл өкмөт башчысын өздөрү шайлашса, жергиликтүү башкаруунун сапаты жогоруламак. 

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэрлигине Азиз Суракматов жалгыз катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык Кеңешинин 43 депутаты колдоп берген.