Марал Радиосу

Тунистеги президенттик шайлоо жыйынтыкталды

Тунистеги президенттик шайлоонун экинчи турунда талапкер Каис Саид ишенимдүү түрдө жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Тунистин шайлоо комиссиясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Саид 72,71 % добуш менен жеңишке жеткен.

Тунистин жаңы президентинин жеңиши менен Египеттин президенти жана Сауд Аравиянын королдору социалдык тармактар аркылуу куттукташты.

Белгилей кетсек, Тунисте 13-октябрда президенттик шайлоонун чечүүчү бөлүгү өттү. Экзит-полл 15-сентябрда өткөн болчу. Анда да Каис Саид жетиштүү добушка ээ боло алган.

Exit mobile version