Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Түрк Кеӊешинде IT-технологиялар боюнча кызматташууну сунуштады

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 416 | 0

«Түрк Кеӊешиндеги өлкөлөрдүн ортосунда IT-технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштайм», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VII жыйынында.

Мамлекет башчысы Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгиледи.

Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жатканын баса белгилеп, азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү багыт катары Түрк Кеңешинин өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы боордош мамилелерди бекемдөөнү атап, бул келечекте Уюмдун туруктуу өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM