Марал Радиосу

Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү Субихи Пархати кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү деп айтылып келген Субихи Пархати колго түштү. Аны Аскер прокуратурасы кармаган. Бирок, Башкы прокуратура бул боюнча азырынча эч кандай маалымат айта элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ 14-октябрда ага карата өлкөдөн сыртка чыкпоо боюнча бөгөт чарасын аныктаганын аталган соттун расмий өкүлү Асел Равшанбековага таянып, «Азаттык» жазды.

— Соттун токтому менен эч жакка кетпөө бөгөт чарасы тандалды. Ага карата ушундай бөгөт чарасын тандоону тергөө сунуштаган, — деген Асел Равшанбекова.

Бизнесмен буга чейин издөөгө алынган. Алдын ала маалымат боюнча Субихи Пархати мурдагы президент Атамбаевдин кирешелерин легалдаштырган деп айыпталууда.

Пархати 2017-жылдын 27-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына теңшерик негиздөөчү болгон. Бирок 2018-жылдын 18-апрелинде «Форум» кайра каттоодон өтүп, жападан жалгыз Субихи Пархатиге тиешелүү болуп калган.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну караган депутаттык комиссия Пархати «Форумду» Атамбаевден 54 млн сомго сатып алганын тактаганын билдирген.

Exit mobile version